Өмүркулов менен Матраимовдордун ортосун кара мышык араладыбы?

Өмүркулов менен Матраимовдордун ортосун кара мышык араладыбы?

24-баш оона, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

Белгилүү саясатчы Иса Өмүркулов бир кезде “журт атасы” деп Атамбаевди айга күнгө теңеп, кошоматтанып коомчулуктун сынына калган. Ошол эле Атамбаев бийликтен түшкөндөн кийин ага каршы чыгып, анын кол тийбестигин алууга чоң кызмат да өтөп берди. Иса мырза бийлик колдоого алды делген “Биримдик” партиясына киргенге абдан аракет кылган имиш. Бирок бир жолу досун саткан адам экинчи жолу сатпай койбойт деп кепилдик бере албайт эмеспи, ушундан улам Өмүркуловго “Биримдиктин” эшиги биротоло жабылган дешүүдө. Айласын таппай калган Иса мырза дагы бир бийликтин колдоосуна ээ болду делген “Мекеним Кыргызстан” партиясынын спонсору Матраимовдор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп баштаган. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Өмүркулов Матраимовдордун партиясынын тизмесинин алдыңкы сабынан орун алмак экен. Кече жакында “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын съезди өтүп, бирок тизменин алдыңкы сабында негедир Иса мырза көрүнбөйт. Өмүркулов менен партиянын спонсорлорунун ортосунда кара мышык аралады деген имиштер да жок эмес. Буга себеп, Иса Өмүркуловго партиядагылар ишеним артпай жаткан имиш. Ошол себептерден улам Иса мырзаны маданияттуу түрдө четтетип, тизменин арткы орундарына жылдырып коюшкан экен.
ARGUMENT.KG