ӨКМӨТТҮН РЕЙТИНГИ ЭМНЕГЕ БАЙЛАНЫШТУУ?

ӨКМӨТТҮН РЕЙТИНГИ ЭМНЕГЕ БАЙЛАНЫШТУУ?

26-бирдин айы, 2020-ж // //

22-февралда «Ата Мекен» партиясынын жыйыны Бишкек шаарында өттү. Анда партиянын лидери Өмүрбек Текебаев өкмөттү сынга алды. Ал экономиканын өсүшү басаңдап, түз инвестиция өлкөгө келбей калганын билдирген. Өкмөттү «бечел, шалтурук» деп атаган. Буга жооп кылып, өкмөттүн басма сөз катчысы Текебаевдин сыны жакындаган шайлоого байланыштуу деген билдирүү таратты.
SUPER.KG порталы «Текебаев өкмөт чабал болуп жатат десе, өкмөт Текебаевдин сынын шайлоо жакындап калганына байланыштуу деди. Өкмөт чабал болуп жатат деген сын шайлоого гана байланыштуубу?» деген собол салды.
Экс-министр Нурланбек Шакиев азыркы өкмөттүн чабал экендигин бир жыл мурун эле эфирде айтканын эскертти.
«Текебаев өкмөт эмнеге чабал, бечел, шалтурук экендигин ташка тамга баскандай далилдер менен айтты. Кыргызда «Уялбаган кыз уялган кыздын бетин тырмайт» деген сөз бар го. Өкмөттүн жообу ушул сөздөй эле болду. Андай болбосо конкреттүү жасалып жаткан иштерди далил келтирип, силер ушуларды көрбөй жатасыңар дегендей жооп бериши керек эле. Азыркы бийликке эч кандай шайлоого байланыштырбай эле, карапайым элден сурамжыласа деле ошондой баа берилмек. Азыр сенектик мезгилде жашап жатабыз. Эл чарбасынын бир дагы тармагында өсүп-өнүгүү жок. Артка да, алдыга да кетпей чайпалып, ордубузда турабыз. Бул өтө жаман көрүнүш. Эгерде шайлоого байланыштуу болсо алдыда азыркы бийликке карата айтылчу ачуу пикирлер, сындар өтө курч болот. Андыктан чычалабай, ачуу чындыкты моюнга алып, кемчиликтерди тездик менен оңдоп, чыйралып, алды-артын карап чымырканып иштеш керек. Иш билги, кесипкөй кадрларды көбүрөөк тартып, экономиканы, элдин жашоосун жакшыртууну күнү-түнү ойлонушу зарыл», — дейт Шакиев.