Неберелүү болойун деп калганда жолдошум ойнош ойноп…

Неберелүү болойун деп калганда жолдошум ойнош ойноп…

03-жалган куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Саламатсызбы сураныч менин катымды  чыгарып беринизчи. Турмуш курганыбызга 19 жыл болду.17 жашымда турмушка чыктым 3 балам бар. 2 уул Бир кыз кызым 18 жашта уулдарым ортончусу 14, кичүүсү 5 жашта ушул убакка чейин.Жолдошума таарынып кетпедим кандай маселе болсо да акыл менен чечип келдим.Бирок бир жума мурун ойношу бар экенин билип калдым.Үстүнөн кармап албасам дагы телефондон смс жазышкандарын таап алдым.Келинге чалсам аялы болсон эмне кылайын дейт.Жолдошума айтсам менин көзүмчө чалып экинчи чалба жазба деп сөктү.Бирок жаным жай таппай атат эмне кылышты билбей башым катты.Ичим ортонуп жатат баары бүттү дегени менен негедир көңүлүм тынчыбай койду.Эми ажырашып кетсем эмне болот же баарына көз жумуп дагы жашоомду улантсамбы.Жолдошум катуу кызганат эле.Өзүм жаш көрүнөм.Сенсиз жашай албайм дечү мен ошол сөзүнө ишенгенмин…