Биздин элге, биздин деңгээлге төп келген ханыбыз бар! Туура тандалган! Ава, ырас жакшы иштеп жатасыз!

Күйүүчү май, сабиз, азык – түлүк кымбаттады! Баардык эле өлкөдө кымбаттап атпайбы! Коронавирустун айынаначы! Биз башкалардан артта калбай, ырас кымбаттап атабыз! Суулуу өлкөдө суу жок , далай дыйкандын эмгеги күйдү. Эми кар, жаан жаабай койсо, сиз күнөөлүү белеңиз! Суусу жок Африка деле жүрбөйбү! Кошуналар баш көтөрдү! Ырас, коркпой , жалгыз Тажиктердин чок ортосуна барып келбедиңизби! Бүгүн бир “террористти” өткөрүп бердик! Билимди суутуп коюптурбу бизге! Азыр билимдүү, тың чыкманын баары “Гей, лесбиянка” брлуп кеткен! Биз “Дакансалардын” урпагыбыз да! Билими жок, мыйзам сыйлабаган, укугун коргой албаган, болгон ишти “кыргызчылык” менен бүтүргөн, балдарын Москвага иштетип коюп, кредитке той өткөзүп, чартаңбай тепкен, өскүсү келбеген, “жертва – курмандыкты” ойногонду жакшы көргөн, кыздарына алы жетпесе , өлтүрүп, же ала качып кеткен кыргызга куймакка каймак куйгандай эле жараштыңыз, авам! Жанагы байларды бирден бит тергендей кармап алып, ырас акчасын сыгып атасыз! Ошонун баарын сол чөнтөккө салып, акырын “жылт “ коюңуз! Биздин эл көнүп калган! Эчтеке болбойт! Дакансалары көп өлкөдө сиздей болбосо дагы бир “Даканса” таап алабыз! Грамм переживайт кылбаңыз!