Мурат Жетимишбаев, коомдук ишмер: “Тополоңчу экс-президент канчалык кооздукка, жыргал жерге барбасын, анан жан дүйнөсү жабыркап турат”

Мурат Жетимишбаев, коомдук ишмер: “Тополоңчу экс-президент канчалык кооздукка, жыргал жерге барбасын, анан жан дүйнөсү жабыркап турат”

06-бирдин айы, 2019-ж // //

АША камакка алынаарын алдын ала туюп, качып кеттиби?
— Экс-президент АШАнын сүймөнчүк кадрлары камакта жатканда Бириккен Араб Эмираттарына чардап эс алып жүргөнү моралдык жактан туурабы? Экинчи жагынан ал жакын арада камаларын билип, алдын-ала качып кеткендегиси болуп жүрбөсүн?
-Мен экс-президентти чындап, эс алууга кетти деп деле айткандан алысмын! Балким четке барып келсем бир аз алаксыймынбы деген ойдо болсо керек! Бирок адам эч качан өзүнөн-өзү, качып кутула албайт, ал алыска кеткени менен анын ою баары бир өзү менен чогуу да. «Таба эмес тобо», мен мурун канчалык АШАнын каршылашы болбоюн, азыр мен ага чындап, боорум ооруйт! Кайда барбасын, анда толук кандуу эс алуу болбосун мен толук ишенем! Ошондуктан эс алуунун моралдык жагы боюнча сөз кылгым деле келбейт!
Туура,  жигиттеринин баары камакта жатышат! Ошол камакта жаткан жигиттери, АШАнын кызматка койгондогу ишеничин акташкан жок. Негизи АША, мурун, жеке өзүнө кызмат кылып келген жигиттерге жакшылык кылайын деген ой менен мамлекеттик кызматтарды өзү «карызынан» кутулуп жаткандай, эле иш билги жөндөмдүүлүгүнө карабай эле таратып салган! Эң биринчи Сапар Исаков кызматка келип президентин ишеничине толук киргенден кийин өзүнүн досторун ар-кайсыл күчтүү кызматтарга алып, келип бир команда болуп алышып, бири-бирин колдошуп, «калканычыбыз» турганда ким бизге эмне демек эле»,- деген чолок ой менен, ыймансыздык менен калк казынасына кол сала башташкан!
Ал командагы кошулбай, өз принциптеринен тайбагандарды, мурунку Энергетика министри болгон К Турдубаевге окшотушуп «айда пошел» кылышып, ордуна, сөздөн чыкпаган Калиевге окшогон «хоп майлилерди» алып келишкен! К Турдубаев кызматтан кетсе дагы натыйжада бүгүн камалбай балдарынын кашында үй-бүлөөсү менен чогуу отурат!… Жыйынтыктап айтканда, АШАнын «кызылды көрсө көздөрү» кызарган жигиттери анын ишеничин актабай, өзүлөрү капаста, шефи дагы ойдун, санаанын «капасында» калып отурушат. Кыргызда «санаасы жок сары сууга да семирет»- деген макалын азыр АШАга жарашпайт! Тополоңчу экс-президент канчалык кооздука, жыргал жерге барбасын, анан жан дүйнөсү жабыркап жатканы жаткан..
Булак: “Майдан.kg” гезити