Мухамедкалый Абылгазиев өз ыктыяры менен акча төлөгөнгө макул эмес
24-чын куран, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваМурдагы премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиевдин иши боюнча ушуга чейин бир дагы жолу териштирүү иштери жүргүзүлө элек. Бул тууралуу анын адвокаты Данияр Эркимбаев билдирди.
Анын айтымында Абылгазиевдин ден- соолугу жакшы.
“ Кылмыш иши боюнча бүгүнкү күнгө чейин бир дагы тергөө иштери жүргүзүлгөн жок. Абылгазиев камалгандан бери сурала элек. Кылмыш ишинин негизинде мамлекетке келтирилген чыгымдын эсеби да далилденген жок. Бирок анын айтымында, ага белгилүү бир өлчөмдөгү сумманы төлөө боюнча сунуш болуп жатыптыр. Бул мыйзамсыз себеби ага карата козголгон кылмыш далилденген жок” – дейт Данияр Эркимбаев.
Эске салсак, Мухамедкалый Абылгазиев мыйзамсыз баюу жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген мыйзамга кол койгон деген айып менен ушул жылдын 27- январында УКМК тарабынан кармалган эле.