Молдого дем салдырсам турмушка чыгып кетемби?
22-кулжа, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваСаламатсыздарбы чыгарып беринизчи. Жашым өтүп баратат турмуш багым ачылбай жатат. Аракет кылбасам болбойт. Ошого бак ачкан молдо билсениздер айтып коюнуздарчы. Дем салдырып алсам турмушка чыгып кетет белем. Үйдө жүрө берүүдөн да уялып калдым. Ата-энемдин көзү барында турмуш жолумду иреттеп алсам жакшы болот эле. Балдар менен таанышамын сүйлөшүп көрөмүн бирок жок болуп кетет. Келбетим акыл эсим баары жайында. Эмне себептен багым жанбай жатат түшүнүксүз. Дагы бир суроом дагы кандай жол тутсам болот молдонун деминен башка. Араңыздарда мага окшогон жагдайлар болгондур. Алдын ала рахмат чон.