Саясат

Мэр Алмаз Мамбетов: Унаада аялдын төшүн кармаган адам мен эмесмин

Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов бүгүн өткөн маалымат жыйында унаада аялдын төшүн кармаган адам ал эмес экенин билдирди.

Анын айтымында, аны атайын жасап чыгарышкан.

Ал убакта мен Мамлекеттик каттоо кызматында иштеп жаткам.  Ошол учурда коррупция менен күрөшүүгө аракет кылып жатканбыз. Сүрөттөгү мен эмес, анда мен башка жерде болчумун. Сүрөттү мага каршы тараптар буйрутма менен чыгарган.  Ким экенин деле айта алам. Бирок алар азыр коррупциялык иш менен тергөө абагында олтурушат”,-дейт Мамбетов.

Эске сала кетсек,  Алмаз Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп турган кезде ак түстөгү унаада жанында олтурган аялдын көкүрөгүнөн кармап кетип жаткан сүрөтү тараган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *