Мээрим: «Кайненем мага колун көтөрүп, мени тынч койбойт…» Кеңеш бериңиздерчи…
17-үчтүн айы, 2019-ж // //Кайнене дегенден таяк жегендер барбы? Дегеле кайненениз кол көтөргөн учур болгонбу? Биз Россия жергесинде турабыз. Кыргызстандан эртең учам деген күнү кайненемден жакка жедим. Жаман палас үчүн. Эмнеге 2 эле паласты жууп калганын жуубадың деп уруш чыгарды. Иштен адам өлбөйт эмесби жууйт элем, самын айна жогунан жууган эмесмин. Аны айтсам түшүнбөй өзүнүн сөзүн бербейт. 1 жарым жылдан бери кемсинтип басынтат. Үнүмдү чыгарбай ыйлап башымды ылдый кылып туруп берчүмун. Учуп кетем деген күнү уруш чыгарасыз, жакшы маанайда кетирсеңиз болбойбу? Макул таң аткыча баардык паластарды жууп бүтүрөм дедим. Эч эле сизге жакпай койдумго эмне кылсам болот дедим. Айтор айтыштык мени ошого жеткирди. Күйөөмдү сыйлап унчукпай келгем. Эң жаман жери баласы бойдок, мен жубан болгонум. Мени баласына тең көрбөйт, ажыраштырам сен бойдок балама тийип алдың деп такай айтат. Бул 2чи турмушум, 1чиси ала качып отуруп калгам. Бир жумадан кийин аялы 1 баласы бар экен билип кетип калгам. Аны билет болчу? Кандай жерге түшкөнүмдү таныйт эле. Баарын билип туруп ыраазы болуп алган күйөөм. Ага айткам сен бойдоксуң тең келбейбиз ата -энең эмне дейт десем, түшүнүктү ойлонбо деген. Бирок апасы кабыл албады. Азыр 1 уулум бар 1жарым жашта. Эмне кылсам болот? 6 ай болду келгениме, күйөөм эми чыкырып жатат. Үйүмдөгүлөр эч нерсе билбейт. Айткан эмесмин кайненем менен урушканымды. азыр баргым жок эч чогуу жашагым келбейт. Бөлүн десем бөлүнө албайт, шылтоо айтып. Барсам кантип жашайм, апасын көрсөм үнүн уксам нерв болом. Ажырашалы апаң айткан кыз ал десем болбойт жашайм деп. Күйөөм жакшы шүгүр, бирок кайненеме өмүр бою жакпасам керек. Бир кун маанайды бузбаса ал күнү кызыксыз өтөт. Сөзсүз мага тийишиши керек. Эмне кылсам? Кеңеш бериңиздерчи…
БУЛАК: argument.kg