Мискенбаев түрмөдө да жөн жатпай…
07-бирдин айы, 2020-ж // //СДПК партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев №1СИЗОнун эң жаман ахыбалындагы, айнеги жок, бир кылайган жылчыгы жок камерасында камалып жатат. Анын камерасына туугандарынан келген тамак да киргизилбей, катуу көзөмөлдө экен.
Бирок ал, өзүнө карата жасалып жаткан мындай кысымга сынып же мүңкүрөп калбаганын анын жактоочусу билдирди. Ал түрмөдө да жөн жатпай, таластык тамашакөй жигит эмеспи, жанында чогуу жаткандарды эриктирбей, өткөн-кеткенден кеп салып, камеранын ичин кыраан-каткырык менен шаңга бөлөп жатыптыр.
Ал өзүнө карата коюлган айыптардын баарысы атайын жасалган кысым, саясий куугунтук деп эсептейт.
Булак: “Ачык саясат плюс”