Маринаддалган бадыраңдан төрт киши ууланып, бирөө реанимацияга түштү

Маринаддалган бадыраңдан төрт киши ууланып, бирөө реанимацияга түштү

30-жалган куран, 2017-ж // //

Уулангандардын бардыгына медициналык жардам көрсөтүлдү.
БКонокко барган төрт киши маринаддалган бадыраңдан ууланганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Уулангандар 29-30-мартта республикалык инфекциялык клиникасына келип түшкөн. Алгач эки кишини Тез жардам кызматы алып келсе, кийин дагы экөө кайрылган.
Дарыгерлердин айтымында, 28-мартта алар конокко барып, үй шартында маринаддалган бадыраң жана оливье салатын жешкен.
Бейтаптардын бири оор абалда кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Уулангандардын катарында 22 жаштагы кош бойлуу (8-9 жума) келин, 76, 30 жана 21 жаштагы эркек кишилер бар.

Булак: sputnik.kg