Манас Осмон:»Жанар депутат болалбайт, калды, бүттү» — дегендерге кайрылды
22-баш оона, 2020-ж // // Айпери ОсмоналиеваБелгилүү журналист Манас Осмон Жанар Акаев тууралуу пикирин өзүнүн фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.
Жанар Акаев батып бараткан кемеге минди деп айтып атышат. Балким ошондойдур бирок, ошол кемеге өзү менен кошо биртоп билимдүү, өзүн жетиштирген жана аң сезими күчтүү жигиттерди ала чыкты. «Жанар депутат болалбайт, калды, бүттү» — деген «диванный эксперттерге» айтаарым, келерки парламентке анын келип келбеши башка сөз. Бирок, кыргыз саясатынын чынары сыяктанган Өмүрбек Текебаевдин ишенимине арзып, анын үстөлүнө көчүк басканы, Жанарды көрүнгөн партиянын эшигин каккылап, тизмеге кирүү көйгөйүнөн өйдө көтөрүп койду. Бир гана шайлоо учурунда тизме түзүүчү эмес, саясатты аныктоочу деңгээлге чыгарды. Ооба, эгер макул болсо, кежирленбесе, бийликчил партиялардын сап башын ээлеп шайлоого бармак. Бирок, антпеди. Менимче, жакшы кылды. Ушул шайлоо Жанардын мындан аркы кыргыз саясатынын лидери, көч башы экендигин аныктайт, шарт түзөт. Утса, утпаса, кайрадан жылдызы жанат.
Эми, кемчилиги жок пенде болбойт. Фиравундар менен Немруттарды туңгуюкка жылдыз оорусу алып барган. Айрыкча, жаш, элдин купулуна толуп бараткан лидерлердин менменсинүү, өзүн асманда сезүү, биздей, карапайым элдерди теңине албоочулугу биздин коомдо бар. Тилекке каршы!
Жанар трайбализм, регионализм деген орустардын лабараториясында иштелип, анан, кыргыз калкына сиңирилген оору менен оорубайт. Лидер болуп бараткандагы анын эң эле жакшы касиети ушул. Бирок, шыбырап, кулагыңарга гана айтайын. (Сал, пал ткебер дэмэкчмин).
Ушул текебер үкам асманга канат жайса да, Алай деген керемет жердин кулуну. Тамыры кең, тарыхы бай үлкөн партияны жетектеп, азуулулар менен чабышып, шайлоого баратканы мендей миңдеген карапайым, жөнөкөй, Алайлыктардын ичин жылытты. Уурулук кылбады, ууруларга ортоктош болбоду, бийликтин ирегесинде суранып жүрбөдү. Элге сасыган майы менен курттаган унун тарата коюп, жеңил, саясатын жүргүзбөдү. Партиялардын көп эле кемчилиги болот. Кээде туура эмес талапкерлер кирип калышат. Мурдагы бийликтер же, төңкөрүштөр боюнча элдин, журттун нааразычылыгы болушу мүмкүн. Арийне, түптүү партияда эски дептерлер «убактылуу жабылып», жаңы барактар ачылып атканда, жаңы лидерди туура эмес жолдон туура багытка салып, кагып, силкпей коом өзү тарбиялап алышы керек!