Саясат

Мамлекеттин уурдалган акчалары “Ата-Мекен” партиясынан чыгат

Текебаев, Текебаев… . Мамлекетти тоноонун классикалык үлгүсүн көрсөткөн саясатчы. Партиялык системаны Бакиев алып келгени менен аны коррупциялаштырып, акча табуучу ишканага айланткан кулум ушул Текебаев. Кезинде партияга мүчө болгондордун ар бири бирден бизнеске, ар бири бирден мамлккеттик кызматтардын майлуу, сүттүү орундарына ээ болгон. Анын ар бирин тизмектеп отурсак өзүнчө эле бир энциклопедияга окшогон китеп болот. Азыркы бийлик менен кызматташууга абдан ынтызар болуп кетти адегенде Өмүрбек Чиркешович. Бирок мунун бугуп жаткан ажыдаардай тойбос коррупционер экенин билген бийлик жакын жолоткон жок.
2010- эл кан жутуп жакынынан ажырап, мамлекеттин тагдыры бычак мизинде турган кезде ата-мекенчилер өлкөгө канды булоон тоноочулук кылышты. Мамлекеттин катылган казынасын ачып тоноп кетишти. Ошол кезде чычкак улагы жок Ата-Мекен партиясынын мүчөлөрү бир көз ирмемде миллиондогон сомдорго ээ болуп, ар түрдүү бизнестерди кылып калышты. Бир аз билими бар, мамкызматка жарачулары стратегиялык мааниси бар ишканаларда, мамлекетке киреше түшүрүүчү ири компанияларда, ишканаларда жетекчилик орундарды ээлешти. Ал ишканаларды банкроттук абалга жеткирип ишкананын бюддетин, дараметин дешти. Ошентип квартира, мал-мүлккө, эбегейсиз көп акчаларга ээ болуп жатышты. Муну Өмүрбек Чиркешовичтин жеке өзүнүн туугандары, айылдаштары жасашты. Эми аларды тизмектөөнү “Ата-Мекен” партиясынын мүчөлөрүн, дегеле партияны талоончул партия деп соттосо жаңылбай изине түшүшөт.
Көзөмөл органы, каржы полициясы, УКМК бул партияны чекеден териштирип соттосо кимдин ким экендиги аныкталмак. Партия мүчөлөрү коррупциялык кирешесинен балким партия лидерине үлүш чыгарып бере турган системасы бар.
Бул курулай эле каралоо эмес. Анткени бул талоончулукка жетишүү үчүн жылдап, айлап даярданышкан алар. Өмүрбек Чиркешовичтин бир тууган иниси Асылбек Текебаев кыргыздарга каршы уйгур сепаратисттери менен ымалага баргандыгын да элдин көпчүлүгү билет. Баскынчы бийликти тааныбай көтөрүлгөнү калган кыргыздарга каршы өзбектерди каршы даярдап, кайраштырып салууда Текебаевдин ролу чоң.
Ал эми революциядан кийин конституция гана жазып байкуш болуп отургам дегени болбогон сөз. Ал Леонид Маевскийден да миллион долларды алган деген саясатчылар ондоп саналат.
Уурдалган акча, тонолгон мамлекеттин каражаттарынын кайда экендигин билгиси келген Башкы көзөмөл органы, УКМК “Ата-Мекен” партиясын иликтеши керек. Мамлекеттин ушул акыбалга келип калышына “Ата-Мекен” партиясынын, анан ичинде Өмүрбек Чиркешович Текебаевдин салымы зор!

Сайракан Салиева

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *