Мадумаров Жогорку Кеңешке десант болуп түштү

Мадумаров Жогорку Кеңешке десант болуп түштү

12-бештин айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Мадумаров Адахан Кимсанбаевич, парламентке кандайдыр бир миссия менен келаткан десант. Ал эч качан Кыргызстанга жакшылык кылган эмес өзүнүн өмүр таржымалында. Муну биз анын баскан жолун карап туруп жыйынтык чыгара алабыз.
Анын эмне максат менен Жогорку Кеңешке чабуул жасап кирип келе жатканы куралданбаган көзгө да көрүнүп турат. Ал президенттин айланасынан жылчык издеп, өзүнө каратып, өкмөт менен өлкөнүн ишине кедерги болууну башкы максат койгон өзүнө.
Албетте өлкө башчыны көп жерде орунсуз иштери менен кадырын түшүрүп жүргөн жетекчилер менен тили бир анын. Эл көзүнө шоу көрсөтүп коёт. Анткени менен андайлар Мадумаров үчүн көктөн издесе жерден табылчу табылга. Тили бир баары бир алардын.
Адахан Кимсанбаевичти кылган иштерине жооп бердирбесе ал андай иштерди дагы кайталайт. Ал эми жалгыз эмес, аны күч түзүмдөрү, кесиптештери колдойт. Бул албетте кыргыз мамлекети үчүн коркунучтуу. Алдын алуу зарыл!

Маткеримов Асылкан