Кыз төрөгөн катындын кереги жок деп күйөөм токмоктойт

Кыз төрөгөн катындын кереги жок деп күйөөм токмоктойт

08-жалган куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Турмушка чыкканы бир жылга жакын өзүмдүбактылуу аялдардын катарынан көрүп жүрдүм. Кош бойлуу болгондон тартып күйөөм ундө уул бекен деп сурай берчү. Бир куну УЗИден кыз деп айтканын айттым. Күйөөмдүн жүзү бузулуп, сөз айтпады. Ошол кундөн тартып тамак-ашты тар алып келип, үп-чап жашоого туш болдум. Жаңы кош бойлуу болгондо эле мени жумуштан чыгарып алган эле. Жанымда жарты тыйыным жок, талгак болгон тамактарымды эстегенде оозуман шилекейим куюлуп жүруп кыз төрөдүм. Күйөөм эмес кайын журтум чыгарымыш болушту. Кызым эки айга толо электе мас болуп келип мага кол көтөрдү. Себеби мен ага уул эмес кыз төрөп бергеним. Ошентип ур-токмок менен экинчимди удаа төрөдүм. Экинчим да кыз болуп калды. Экинчимди төрөт үйунөн эч икм чыгарган жок. Кызымды тун кызымдан калган ороого ороп алып өзүм үйгө чейин жоо бардым. Беш аялдама мен үчүн түбү жок жолдой сезилди. Үйгө келсем улуу кызым өзүнун богу менен ойноп отурат. күйөөм уктап жатыптыр. Көп басып койгонго кан кетип кайра ооруканага жатууга туура келди. Эки кызымдын айылдан апам келип алып кетти. Ооруканадан чыккандан кийин үйгө кайрылып баргым келбеди. Жакын туугандарымдын үйүнө жатып кийинки күнү кыздарымды көздөй кете бердим. Күйөөм артымда басып келген жок. Жашоом уланып жатат. Улуу кызым мектепке кирди, кичүүсү да кол арага жарап жалгыз эки кызды багып келем.