Саясат

Кыргыздын өнүгүүсүн кылмыштуу чөйрөнүн кеңейиши деп билген Феликс Кулов

Феликс Шаршенбаевич Кулов 1948-жылы туулуптур, википедияда солто уруусунан деп жазылганы менен аны кыргыздар калмак дешет. Билимдүү, илимдүү, дасыккан юрист экен.
Куловдун ал билиминен кыргыз эли бир тыйынчалык деле пайда көргөн жок, тескерисинче болгон билимин кыргызга каршы жумшады бейм. Мен билгенден бул 2005-жылы күздө Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнөн улам белгилүү боло баштады. Иниси Рыспек Акматбаев агасынын өлүмүнө түздөн түз Куловду күнөөлөгөн. Аны Кулов криминалдык чөйрөнүн дегени менен кыргыз эли улутчул, патриот катары азыркыга чейин жоктоп келет. Ошол кезде Бишкекти кармаган сакалчандарды кынына киргизген Рыспекти, криминалды ооздуктаган кыргыздарды кылмышкерлер деп атап, кыргыздын өнүгүп өсүшүн криминалдашуу деген Ф.Кулов. Анын жан тартканы, колдоп коштогону кавказ улутундагылар экендиги баарыбызга маалым. Бул анын кылмыш дүйнөсүндөгү багыты болчу.
Эми мамлекетке келтирген зыянын айта кетели. Ошол кезде Кыргыз Республикасынын армиясын 70% кыскартуу жүрдү, иш жүзүндө Кыргызстан армиясыз калды. СССРден тийген шыбаганы Кулов металлолом деп документ кылып Кытайга курал жарак эле түрүндө сатып жок кылды. Айрым бир маалыматтар боюнча Афганистанда “Чёрная акула” деген ат менен белгилүү болгон согуштук тик учактарды да карөзгөйлүк менен сатып жок кылган Кулов. Аны Аскар Акаев деле бекеринен камабаган тура. Эгерде жоогазын революциясы болуп, Бакиев бийликке келбесе Кулов түрмөдө чиримек!
Эми да жөн отурбай өзү сыяктуу кыргыз десе тиши кычыраган тили бурууларын топтоп, жөргөмүштүн желесин токуп отурат. Өзү ал Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча кылмышкер. Ал кыргыздардын өнүгүп өсүүсүн кылмыштуу дүйнөнүн кеңейиши деп билет экен. Кудай бар болсо Кулов жана ага окшогондор да тийиштүү жазасын алаар! А биз болсо президентти, мамлекетти колдойбуз! Кыргыз элине кызмат кылабыз жана Кыргыз Республикасынын гүлдөп өнүгүшүнө бекем ишенебиз!

Сайракан Салиева

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *