Куттубай Мурзабаев менен Максим Бакиевдин кандай байланышы бар? А Бөлтүрүк болсо…

Куттубай Мурзабаев менен Максим Бакиевдин кандай байланышы бар? А Бөлтүрүк болсо…

08-теке, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Ишкер Куттубай Мурзабаевдин жаңы салынган имаратына Теңгиз Бөлтүрүктүн башкаруусундагы “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги жайгашып, 5 миң чарчы метрлик жерди ээлегени, аренда акысы айына 85 миң доллар экени кабарланган. Кумтөрдүн, элдин эсебинен мындай чоң каражаттын төлөнүп турганы талкуу жаратты. Каршылык көрсөткөн пикирлер кыйла агылды. Акырында актайбы же ала салдырабы? Арсар абалда баш чайкагандар арбын. Ал эми Куттубай Мурзабаев ким? Ири курулушчу, “Орион” отелинин ээси катары сыпатталат. Олигарх. Бишкектин чок ортосунда көп кабаттуу үйлөрдү салып жүргөнү менен аты угула калчу. Кызыгы, Куттубай мырза Курманбек Бакиевдин бийлигинин учурунда эле Бишкек шаарындагы кымбат жер аянттарына ээлик кылганы, Максим менен мамилелеш экени желдей тарачу да. 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин бизнесине коркунучтар жаралганы, бирок көп өтпөй андагы төбөлдөрдүн тилин тапканы каңкууланган. Кайсы бийлик келбесин, көшөгө артынан камыр-жумур аралашып келатканы жалганбы? Эң таңгалычтуусу, айрым билермандар Куттубай Мурзабаевди Лондондогу Максим Бакиевге тыгыз байланыштырып, бүгүнкү күнгө чейин ири кирешелерди бөлүшөрү болжонуп келгени ыраспы? Дал ушул суроого жооп узатып койсо эп болмок. Ал эми Теңгиз Бөлтүрүк менен Максимдин кандай алакасы бар? Бул боюнча жандырмакты чечүүгө бел байлайлы.

«Азия Ньюс» гезити