Күйөөм жашоомду өзгөрттү, мен эми башкамын

Күйөөм жашоомду өзгөрттү, мен эми башкамын

28-бештин айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Кичинемде эле «мен бала бакпайм, мектепте директор болом»-деп кыялданчумун. Кийин мен жигит жандап деле баскан жокмун. Окууну жакшы баа менен аяктап, шаардагы мектептердин бирине мугалим болуп орноштум. Убакыт билинбей өтүп завучка чейин жеттим. өзүмдүн каражаным менен алек болуп курбуларымдын баары эчак балалуу болуп калганын деле байкабаптырмын. Алар мага кезиккен сайын турмушка чыгышымды айтып куру акыл үйрөтүп жүруштү. Мага бул таптакыр жакчу эмес. Ошондой күндөрдүн биринде курбумдун сиңдиси мектепке мугалим болуп иштеп калды. Башында эжекелеп кирип калганда жактыра бербей урушуп чыгарып ийчүмүн. Менин ага орой мамиле кылганыма карабай кире берип мени жумуштан кеч калбай кеткенге, дүкөн кыдырганга үйрөттү. Ошондой күндөрдүн биринде бир адам менен таанышып калдым. Өмүрүмдө биринчи жолу гүл алдым. Биринчи жолу эркек адам менен бирге отуруп чай ичтим. Ошентип бир күнү мени алакачып кетти. Кете албадым, анкени жашы өтүп калган апам ушул үйдөн чыкпашымды суранды. Ал адам мени таптакыр башка нукка бурду. Жашоодо үй-бүлөдөн өткөн байлык жок экенин билдирди. Кыйналып жүрүп бир кыздуу болдум. Бала кандай таттуу экенин, күйөө камкор болуп менин алсыз аял экенимди сездирди. Көрсө мен креслом менен өзүмдү кыйын сезип келген экем. Күйөөм менин супсак болуп калган жашоомду таптакыр башка нукка бурду. Ушул жашоомо ыраазымын.