Коом

Күйөөм экөөбүздү уруштуруп рахат алган кайын эжем акыры кечирим сурады

Анын эмнесин айтасыңар, убагында кыялы укмуш эле. Эч жерге батчу эмес. Кайда барбасын
ызы-чуу салып кетчү. Бизге дагы тынчтык бербей, күйөөм экөөбүздү уруштуруп жүрдү. Анын
айынан үйгө бир-эки жолу барып келдим. Жакшынакай эле жашайбыз, ошол келсе эле болду,
балээ башталат.
Мен билгенден үч жолу турмушка чыкты. Абысындарым андан дагы көп экенин айтышат. Эми
бирөөнүн турмушу менен ишим деле жок. Бир баласы бар. Ал азыр Москвада. Жакшынакай үйү
бар эле, кредитин убагында төлөбөй жүрүп, банкка алдырып жиберди. Ошондон кийин көп
ооруй баштады. Бара-бара эч кимге кереги жок болуп, акыры менин колума келип түштү.
66 Жолдошум экөөбүз чуркап жүрүп бир өлүмдөн алып калдык.
Дарыгерлер үмүт аз экенин айтып жатышкан, а биз бутуна тургузуп алдык. Азыр үйүбүздө, төшөктө жатат, өзүм карайм. “Эмне тамак ичесиз, шорпо жасап берейинби” десем, башын ийкеп сүйүнүп калат. “Туугандарым убара болуп аны эмне багып жатасың?” – дешет. Мага жасаган
эски кылыктарын айтышат. Эми карыган адамды сыртка таштап кое албайт экенсиң. Ооба,
убагында көргүлүктү көрсөткөн. Ал үчүн өзү жооп берет да, туурабы?
66 Күйөөм төрт бир тууган. Бирок, эжеси жолдошума эле керек.
Сексенден ашкан кайын энем бар, кызын бакканга алы келбейт.
Апам күйөөмдү өзгөчө жакшы көрөт. “Боорсогум” деп эркелетет. Ооба, күйөөм толмоч келген,
курсактуу жигит. Күйөөм дагы жаш баладай сүйүнөт. Апама өтө жакын. Күн алыс чалып
сүйлөшүшөт. Апам каза болгондо күйөөм башкача бакырып ыйлады. Ал үнү дале эсимде.
“Эне мээримин сенин апаңдан алдым. Өз апам мени чоң энеме таштап кетип калган. Ким
экенин деле билбейм. Ар кайсы туугандын үйүндө каргыш угуп чоңойдум. Апаң экөөң мени
жибиттиңер. Сен сүйүүң менен, апаң мээрими менен таш жүрөгүмдү жибитти.” Күйөөм ушинтип айтканда таң калгам. Эмне дээримди билбей туруп калгам. Жаныма келип кучагына алганда
көзжашым өзү агып кирди.
Апам оорудан узак оорудан улам кайтыш болду. Кыйналган жок. Жылуу төшөктө,
неберелеринин, уул-келиндеринин маңдайында жылмайган боюнча узап кете берди. “Боорсорум
келдиби, колумду кармасынчы” деп күйөөмдү жанына чакыртып алды. Анан байпагынын
кырынан чогулткан тыйындарын алып чыгып неберелерине таратып берди. Дептердин
бүктөгөн барагын күйөөмө карматты. Терең дем алды. Чыгарган жок. Апаа!
Айылдагы үй энсиреп калды. Байкем менен жеңем жашайт. Бирок чачын ак, бетин бырыш,
көзүн мээрим баскан апам жок. Айылга баргым келбей калды. Күйөөм эле болбой, ар
бейшемби күнү апамдын мүрзөсүнө алып жөнөйт. Жүрөгүм канайт. Куран окупа, бир сыйра

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *