Коом

Күйөөм экөөбүз толук ажыраштык кайненем болсо себимди бербей талашып жатат?

Турмуш деген ушул экен, төрт жыл чогуу жашап бирок кутүүсуздөн күйөөм экөөбүз ажыраштык. Колумда эки балам бар, аларга алимент төлөп андан сырткары жардам берип турам деп убада кылды. Эми анысын да көрө жатабыз да. Ажырашуубузга күйөөмдүн мурунку аялы себепкер болду. Биздин жашоого кийлигише берип тынчтык бербей койду. ага деле капа болбойм. Кызыгы мага келген септи кайненем бербейм деп талашып жатат. Мен эки бала менен батирге чыгып жашасам деле мага балдарыма оокат керек да. Бир кашык да албайсын деп үйгө киргизбей жатат? Негизи септи бериш керекпи же эки бала менен эле эч нерсеме ээ болбой каламбы?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *