Көзүн май басыптыр…
17-бештин айы, 2019-ж // //Депутат Азамат Арапбаев мас абалда унаа башкаргандарга айыпты 10 эсе көтөрүүнү сунуштады. Депутат өз сөзүндө азыркы 17 миң сом 7 тыйындай эле экенин айтып оозду ачырды. Албетте, Арапбаев үчүн 7 тыйындыр, бирок карапайым үй-бүлөнүн бир айлык каражаты. Кургур, ченебей көпкөн экен.
Ооба, ичкендерге жазаны күчөтүш керек.Бирок минтип ооз кесирленип текеберленгени акылга сыйбайт. Ичкендерге айып пулду көбөйтөлү, бирок учурда элди кыйнап жаткан башка жол эрежелерине байланышкан асмандаган айыпты кыскарталы десе жарашмак