Коомчулук Германиядан «ылаңга» шек жаратып келген Аида Касымалиеваны жерий баштады
19-жалган куран, 2020-ж // //Германиядан «ылаңга» шек жаратып келген вице-спикер Аида Касымалиева эл катары карантинге камалбай, үйүнө чыгып алып, соцтармактан жергиликтүү бийликке, коомчулукка акыл айтып, өзүн ыксыз пиар кылганы кыжырды кайнатты.
Ал канчалык колун тыбыратып жазган сайын, журналисттерден, блогерлерден кагуу жеп, ызага батууда. Бирок сыртынан сыр билгизбей, патриот көрүнгүсү келгени көпчүлүккө жаккан жок. Баягы эле «чимкириктердин» саткындардын образын берүү менен уятка калууда…
Булак: АЗИЯnews