Көлдөгү жарылууда каза болгондор: 10 жаштагы бала жана анын 52 жаштагы атасы

Көлдөгү жарылууда каза болгондор: 10 жаштагы бала жана анын 52 жаштагы атасы

20-кулжа, 2017-ж // //

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьево айылындагы жардырууда ата-бала каза болушкан. Эркек киши   Б.В. 1965-жылы туулган, анын уулу 2007-жылкы. 8 адам ар кандай күйүк жаракаттарды алышып, Чолпон-Ата шаарындагы  ооруканага жаткырылды.

ӨКМ тараткан маалыматка карганда өрттүн кесепетинен 30 тонналык жана 10 тонналык бочкаларда жаракалар пайда болуп, ал жерден газ чыккан. Өрттү алдын алуу максатында жеринде өздүк курамдан нөөмөт уюштурулган.

Өрт болгон жерде Ысык-Көл облусунун  ӨКМ КБнын башчысынын орун басары жана Ысык-Көл районунун Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери иштешкен.

Жалпы 34 кызматкер иштеген, 4 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Өрт өчүрүүчүлөр жакын жайгашкан жерде (АЗС) май куючу жайда 25-тонна күйүүчү майды суу берип муздатып, өрт чыгып кетүүдөн сактап турушкан.

Ал эми өрт өчүрүүчүлөр суусу жок келген деген маалымат чындыкка дал келбейт, суусу жок өрт өчүрүүчү унаа барышы мүмкүн эмес деп жазылат ӨКМ басма-сөз кызматынын маалыматында.

Алгач өрт “Газпромго” тиешелүү станциянын биринде чыккан деген маалымат келип түшкөн, кийинчерээк өрт өчүрүүчүлөрдүн тактоо иштеринин негизинде жеке ишкер Бориско Виктор аттуу жаранга тийиштүү газ толтуруучу жайда өрт чыкканы аныкталган.

Өрттүн натыйжасында 30 тонна цистернасы менен ДАФ унаасы ( мам. № белгисиз); РЕНО унаасынын бир бөлүгү, ГАЗ-53 цистернасы менен оор жүк ташуучу унаа, Газель унаасы цистернасы менен, 1 женил унаасы күйгөн.

Эске салсам, күн мурун, 2017-жылдын 19-июнунда саат 17:22 чамасында 101 кызматына  Ананеьва айылынын Советская көчөсүндө жайгашкан жеке ишкер Бориско Викторго  таандык газ толтуруучу күйүп жаткан тууралуу маалымат түшкөн.
Өрт саат 18:31де чектөөгө алынып — бул демек өрттүн мындан ары жайылышы жок кылынган жана негизги очогу өчүрүлгөн, саат 21:15те толук өчүрүлгөн. Саат 20:45те өрт болгон жерге Чолпон-Ата шаарынын кошумча  1 бөлүм чыгып, өздүк курамдын жана техникалардын жардамы менен газ турган бочкаларды муздатууну уюштурушкан.
Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 8 адам ар кандай күйүк жаракаттарды алышып, Чолпон-Ата ш.  ооруканага жаткырылды.
Булак: turmush.kg