Көк бөрү чемпионаты: биринчи күндүн жыйынтыгы жана эртең чыкчу командалар
29-тогуздун айы, 2018-ж // //Бүгүн жеңилген командалар эртең оюнга чыга элек тайпалар менен кармашат.
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги көк бөрү боюнча өлкө чемпионатынын биринчи күнүнүн жыйынтыгын жарыялады.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун командасы Бишкекти 10:3, Ош облусу Жалал-Абаддан барган улакчыларды 4:1, Таластын оюнчулары Баткен облусунун командасын 16:1 эсеби менен жеңип алды.
Бүгүн жеңилген командалар эртең оюнга чыга элек тайпалар менен кармашат.
30-октябрда оюн таласына чыга турчу командалардын убактысы:
10.00–11.30 — Бишкек менен Ош шаарлары;
11.30–13.00 — Жалал-Абад менен Нарын облустары;
13.00–14.40 — Баткен менен Ысык-Көл облустары.
Кыргызстандын чемпионаты быйыл залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата өтүп жатат. Мындан сырткары, жамбы атуу, ат чабыш, кыз куумай, жорго салыш оюндары боюнча мелдеш уюштурулат.
Булак: Спутник