Коом

Келинимди өзүм тарбиялап алдым, баарына сабырдуулук керек

Акыркы кезде кайнене менен келиндин ортосундагы келишпестиктер көп болчу болду. Кээ бир турмушка чыга элек кыздар кайненелүү болуудан коркуп да баштады окшойт. Жолдошумдан эрте ажырап, эки кыз бир уулду жалгыз тарбияладым. Апам мага ушундай көп турмуштук сабактардын топтомун окутуп коюптур. ар бир кыйынчылыктарды жеңил жеңип келдим. Кыздарым менен уулумду тарбиялоодо апамдын орду чоң болду. Алар менин балдарым эмес эжем агамдай сезилчү. Эки кызымды турмушка узатып уулум менен калганда келиним кандай чыгат деп коркчумун. Акыры келин алчу күн келди. Келиндүү болдум. Шаарда өсүп калганга уялуу дегенди билбеген орустай бетке айткан кыз экен. Бир ай ичинде бир топ кыйынчылыктар ортобузду аралап жатты. Акыры келиним менен ачык сүйлөшүп кеңешкенге өттүм. Бир жылдай моюн бербей жүрдү. Акыры менин ыгыма көнүп, оюмду көзүмдөн окуйт турган болду. Азыр беш небере багып үйдө отурам. Келин уулум иштейт. Кээде келин келгиче тамакты асып коем калганын өзү даярдап жакшынакай эле жашоо улап жатабыз. азыр эки кызыман да келиним мага жакын. Алар да мен келинимди коргоп турганга келиниме жакшы мамиле жасап үйумдө ырыс кут конуп бейпил жапшоодобуз. Келинди кагып силкип эмес акырындык менен өзүңө тартып, аны менен акылдаша сырдаша билсең ал сенин кызыңа айланат деп айтаар элем кагышкан кайнене менен келиндерге.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *