Кайнежем кызымды менден алыстаттыңар деп таарынып жатат
07-бештин айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваОн жыл мурун кайнежем жездебиз менен эки айрылыш жолго түшкөн. Бала менен жалгыз калыш кайнежем үчун кыйын болду. Басынып, чүнчүп таарынчаак болуп калган эле. Кайненем кызынын абалын көруп жүрөгу чыдабай үч жашар кызын алып калып өзүн Италияга кетирип ийген. ал жактан кайнежем бир жылга жетпей башка адам болуп өзгөрдү. Бирок кызына боор тартпайды. Кызы мени апа деп чоңойду. Азыр он төрткө чыгып мага чоң жардамчы болуп калды. Жакында эле италиянец жездени ээрчитип келип бир айга чукул жүруп кетти. Ушул учурларда кызы апасына жакындабай койду. Эми италияга жатып алып телефондон кызымды мага каршы тукуруп чоңойтуптур, мынчалык эмне ич күйдүсу бар деп мага таарыныптыр. Кызымды алып кетем деп жатат, кызы болсо апама берсеңер өлөм деп коркутуп жатат. Эки ортодо калдым. Кызымдай эле болуп калган эле алыт кетсе ичим ачышып куса боломбу деп турам. Апам болсо кызын ойлоп жээнинин оюн уккусу да келбей жатат.