Кайненеме деген акчаны алып аны карылар үйүнө өткөрүптүр

Кайненеме деген акчаны алып аны карылар үйүнө өткөрүптүр

07-баш оона, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Раматылык кайненем төрт баланы жалгыз тарбиялаган. Менин жолдошум үчунчү уул. Биз таанышканда ал Россияда иштеп келчү. Кийин биз үйлөнгөндөн кийин биз  Кореяга иштеп кеттик. Ал жакта беш жыл жашадык. Бир кыздуу болдук. Кайненем башында биз менен сүйлөшуп калчу кийин телефон чалсак албай калды. Кайнимден сурасак телефонун жоготуп алды деп койду. Бир майрамда алып бергиле деп акча салдык. Болбосо ай сайын кайненеме деп акча которобуз. Жаштайынан кыйналды жок дегенде жашы өткөндө кенен жашасын дедик. Көрсө биз жаңылыппыз. Абысыным бизден келген акчаны өзу каалагандай колдонуп бир жыл мурун кайненемди карылар үйүнө өткөртүп коюптур. Аны туугандардын бири да айтпаптыр. Карантинден кийин келип кайненемдин өтуп кеткенин уктук. Бирок үйдө кайненем жашабагандай болуп турат. Бир да кийимдери жок экен. Андан кийин  кошуналардын бири айтты. Көрсө абысыным кайненеме көрбөгөндү көрсөтүп сууктун күнүндө сыртка чыгарып койчу экен. Кошуналар соц коргоонун кызматкерлерин чакырып кайненемди карылар үйүнө алып кетиптир. Кайненени багып жатасын деп биз берген акча, кышкысына көмүргө деп жибергенибиз аларга бекер акча булагы болуптур. Кореядан абысыныма ала келип берген алтын сөйкөну кайра алып алдым. Азыр бет карашпай калдык. Аттиң, абысыным менен кайнимдин кара мүртөз экенин билгенде биз Кореяга кетпейт элек. Ачка болсок да кайненемдин жанында чогуу болмокпуз.