Кайненем тамакка кошкон майдан бери эсептейт, кантип чыдайм?
13-баш оона, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваТурмушка чыкканыма эки жылдын жүзү болду. Кайын журт менен чогуу турам. Турмушка чыкканча кайнене менен алты ай чогуу иштегем, ак көңүл жакшы аялдай сезилген болучу. Көрсө анын баары жалган экен. Азыр кайненем кийген кийимимен тартып тамакка кошкон майдан бери эсептейт. Жумушка кайненемден кийин чыгып андан бир саат эрте келишим керек. Кайненемден эрте келип тамак даярдайм деп жумуштагыларга да жаман көрүнуп буттүм. Өткөндө жумуштагыларга мен барганча уктайт барганда аран турат дептир. Жумуштан чыгып кетейин десем акча таппай менин мойнумда отурат деп кууратчудай. Кээде куурма тамак жасап калганда майын бир аз көбүрөөк куйсам эки күн наалыйт. Майы аз тузу кем, ак шорполуу суюк тамактан башканы жасай албай калдым. Мындай өз кекиртегинен аянган адамды өмүрумдө көрбөсөм керек. Канткенде кайненени оңдөйм же күйөөмдү көндүрүп бөлүлүп кетем.