Саламатсыздарбы, менин сиздерге кат жазганымдын себеби бир туугандар ортосундагы маселеге байланыштуу көйгөй болуп жатат. Биз үч эле кызбыз. Эң улуу эжем апамдын көзү тирүүсүндө эле турмуш куруп, үй-жайлуу болуп кеткен. Апам алдуу-күчтүү кезинде ал эжеме сеп да даярдап бергенге жетишти. Азыр бала-чакалуу, өзүнө тийиштүү оокаты бар.
Андан кийин экинчи эжем жаңы турмушка чыкканда апам ооруп калды. Ал күйөөсү менен келип, бир жылдай багып, апам менен бирге турган. Анан апам да каза болду. Мен ал кезде шаарда иштечү элем. Тапкан акчамды апамдын дары-дармегине, кийин жерге берүү
зыйнатына жумшадым.
Ошентип апамдын ашы өтүп, бир жарым жылдан кийин мен да турмушка чыктым. Жолдошум жакшы, үйдүн кичүү баласы. Бирок кайненем: “сенден сеп келген эмес, артыңдан эки төшөк да келген жок”, – деп мээмди жеп, үйдөн кууй берчү болду. Башым менен жер казып оокатын кылсам да жакпай койдум. Акыры чыдабай “апамага сеп катары үйдүн жарымын калтырган” деп койгом. Анткени апам раматылык үйдү экинчи эжем экөөбүзгө мурас катары каттатып койгон. Кайненем ошондон бери жанымды койбой
жатат.
Азыр эжем үч балалуу, жолдошуна деле айылда жумуш жок. Ошол үйдө турушат. Ага барып “Мага сеп даярда же үйдөгү менин үлүшүмдү бер. Сеп катары өзүмө эмерек алайын” десем болбойт. Туугандар да “апаңды ушул баккан, күйөөңдүн үйү турбайбы, уялбайсыңбы” деп жаман көрүп жатышат. Ортодо эмне кылышты билбей калдым. Кантип туура жол тапсам болот?
Спутник.кж