Кайненем: «Сен мага тийгенсин , мен өлгөндө күйөөң менен жашайсың» деди.
13-теке, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваСаламатсыздарбы? Кеңеш сурайын дегем көптү көргөн эжелерден. Күйөөм Москвада мен КР дамын келгениме 2ай болду. Күйөөм 2айда барып келесин деп сөз берген. Анан кайненем «сен мага тийгенсин мен качан кааласам кетесин, мен өлгөндө күйөөң менен жашайсың» деди. Күйөөм жок малай кылып алды күйөөмө, кыздарына, туугандарына күндө чалып жамандайт. Азыр төркүнүмө келе бердим, күйөөм келсин же мен кетейин десем мен каалаганда кетесин дейт. Москвага кетейин десем күйөөм келбе тосуп албайм дейт. Ата-энем не десе ошол болот деп жатат. Чарчап кеттим баарынан же күйөөм түшүнбөйт. 1 балам бар таштаганы келдим эле. Эри катын бири биринен алыста болсо көңүлүда калып баштайт экен.