Улуу эжем жездем менен таарыныша кетип кызы менен уулун ээрчитип келген. Эки жумага жетпей эки баласын карыган апама таштап шаарга кетти. Шаардан чогуу жашап, мен иштеген жерге жакын кафеге киргизип койгом. Жакшынакай эле иштеп жүргөнсүгөн, анан эле бир күнү Москвага учуп жатам курбум жакшы жумуш бар дейт деп кетип калды. Апам байкуш эне да кызынын кылыгына чыдап эки баланы алып калды. Кийин жездем келип, эч кандай урушпаганын, апам ооруп жатат эки айдай карап турайын балдар каникулда жүргөндө деп кеткенин айтты. Кызы менен уулу атасын ээрчип кетти. Жездебиз аябай жоош болгонго мейли иштеп келсин деп унчукпай калган. Эми эжем ал жактан бир айга жетпей бирөөгө тийип алыптыр. Жездеме балдарына эмне деп айтабыз деп ичибизден кыжаалат болуп жүрөбүз.