Эңсеген аялды таптым, бирок балдарымды кантип кыям?..
08-жетинин айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваСаламатсыздарбы, мен азыр башымдан өтүп жаткан үй-бүлөлүк маселемди айтып психологго кат жазып отурам. Өзүм 30 жаштамын. Жубайым экөөбүздүн ортобузда эки балабыз бар. Борбордо турабыз. Мындан 1,5 жыл мурда капысынан бир кечеде купулума толгон келинди жолуктурдум. Билбейм, аялым менен жашаган учурда дайыма эле мага бир нерсе жетишпей жатканын билчүмүн. Бирок аны өзүмө так түшүндүрүп бере алчу эмесмин. Келинчегим өзү карапайым. Курбулары деле жок. Кызыккан деле иши жок. Үй оокаты, балдары, анан мен акча алып келип берсем болду. Аялдай болуп деле кылыктанып эркелебейт. Бирок балдарымдын энеси катары сыйлайм. Аялымдын мага болгон ишенимин, балдарыма жасаган камкордугун кыйып кете албай жатам. Ошентсе да аны менен түгөй катары бир үйдө жашоо мен үчүн кызыгы жок болуп калды. Анын жанында жашоомду каңгыраган бош идишке салыштырам.
Ал эми мен жактырып калган келин ачык-айрым, жүзүнөн күлкү кетпеген жылдыздуу, ошол эле учурда чечкиндүү аял. Жактырбаганын «тарс» эле бетке айтат, өзүнүн баа-баркын да билет. Мен аны ушул турушу менен сүйүп калдым. Мурда турмуш куруп ажырашкан. Бир эркек баласы бар экен. Азыр экөөбүз жолугуп жүрөбүз, бирок келинчегим билбейт. Экөөнү салыштырып көрсөм такыр эки башка адам. Аялым түйшүкчүл. Кээде карап турсам, өзүнө кийим алуудан да акча үнөмдөп үйгө оокат алат. Ал эми атыр-патыр алууну акчаны чачып ийгендей эле көрөт. Ооба, аял кишинин сарамжал болгону жакшы. Кээде өзүн унутуп, оокат үчүн ашыкча эле жулуна бергенинен иренжип кетем. Бир жолу жаңы үйлөнгөндө гүл алып келсем, жактырбай кагып койгон. Ошондон кийин гүл бербейм. Атыр да алып берчүмүн. Аны да жактырган жок. Кыскасы, мен өзүн сүйүп караган, ошондой эле каржылык жактан көз каранды эмес аялдарды баалайт экенмин. Азыр мени үйдө балдарымдын көздөрү жана келинчегимдин эч жаман ою жок баёолугу эле кармап турат. Кантип баарын ачык айтып чыгып кетүүнү билбей жатам. Биротоло эле үй-бүлөмдү тандайын десем, өмүр бою өкүнүп жашап каларымды билип турам. Анда аялымды да бактысыздыгыма күнөөлөп, такыр эле көргүм келбей калчудай. Тирүүнүн өлүгүнө айланбай оюмдагыдай жашагым келет. Бирок кантип кетем?
Спутник.кж