Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер: “Мурунку ажонун жеке кызыкчылыктары оркоюп көрүнүп калды”
17-бештин айы, 2018-ж // //Президент Жээнбековду кай бир маселелер боюнча “ийге келтирүү аракети” болуп жаткандай го дейм, — Э. Каптагаев
— Атамбаевдин менчик телеканалына берген маегинде Атамбаевдин элдешүүгө аракет жасаганы байкалдыбы?
— “Элдешүүгө аракет” дегенди көрө алган жокмун, Атамбаевдин кечеги сөзүнүн төркүнүн карасак ал “сүйлөшүүгө аракет” кылганы көрүнүп турат, Президент Жээнбековду кай бир маселелер боюнча “ийге келтирүү аракети” болуп жаткандай го дейм.
— Атамбаевдин ал аракетине президент реакция кылып, жумшарышы мүмкүнбү?
— Сүйлөшүүгө дагы, анын жыйынтыгы катары жумшарууга дагы азыр эч кандай негиз жок го дейм. Анткени Атамбаев өзүнүн элге, мамлекетке кылган кыянаттыгын моюнга алууну ойлоп да койгон жок, кечээ көрбөдүкпү аны.
— Мындан аркы мамиле кандай багытта өнүгүшү мүмкүн?
— Мыйзам чегинде, коом үчүн ачык мамиле эле дурус болот, жабык жолугушуу же жабык сүйлөшүу президенттин аброюна шек келтирет.
— Атамбаев “мыйзамсыз баюу” деген беренеге илинип калбаш үчүн элдешүүдөн кеп козгоп жаткан жокпу?
— Кандай болгон күндө дагы «элдешүү» аракетинин артында Атамбаевдин жеке кызыкчылыктары көп экенин кечеги маегинде көрдүк го.
Чынайым Кутманалиева
Булак: “Майдан. kg” гезити