Индияда кара козу карындын дагы башка түрлөрү табылууда

Индияда кара козу карындын дагы башка түрлөрү табылууда

25-бугу, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Индиялык дарыгерлер алгач козу карындын үчүнчү түрүн COVID-19 айыгып кеткен 45 жаштагы бейтаптан табышкан. Дарыгерлер бул грибокту адамдарда биринчи жолу жолуктуруп жатышканын белгилешти, — деп билдирет Tengrinews.kz басылмасы.

Маалыматта, Индианын Уттар Прадеш штатынан келген дарыгер бейтаптардын биринде дароо эле көк, сары, кара жаңы ак түстөрүнүн үч түрү табылгандыгын билдирди. Бейтап шишип,  көзүн ача алган эмес. Ошондой эле мурдунан кан агып, заара бөлүгүндө кан табылган. Медициналык текшерүүдө грибоктук инфекция жуккандыгы аныкталды.

«45 жаштагы бейтаптын синустары компьютердик томографияда кадимки эле абалда болгон, бирок эндоскопия жүргүзгөндөн кийин, ал козу карындардын үч түрүн (кара, ак жана сары) жуктуруп алганын билдик. Адатта, сары козу карын сойлоочуларда кездешет. Мен биринчи муну адамдардан таптым»-деп айтты отоларинголог NDTVге.

Доктор Тяганын айтымында, Mucor septicus (сары кычыткы) белгилери болуп арыктоолор, табиттин төмөндөшү же табиттин жоголушу, арыктоо кирет. Убакыттын өтүшү менен ириңдөө, жай жаракатты айыктыруу жана ткандардын некрозу байкалат.

Дарыгерлер белгилегендей, грибоктук оорулар айлана-чөйрөдөгү споралар менен байланышта болгондордо же кычыткы териге кесилген, чийилген же күйүп кеткенден кийин пайда болушу мүмкүн. Бул оору кант диабети менен ооругандарга, ошондой эле ооруга каршы күрөшкөндөн кийин иммунитети төмөндөгөн адамдарга, тактап айтканда коронавируска чоң коркунуч келтирет.