Гүлнара апа: Садыр мага жоолук жана конверт белек кылды

Гүлнара апа: Садыр мага жоолук жана конверт белек кылды

15-тогуздун айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Президентти «лампочкам» деп атап, коомчулукка таанылган Гүлнара апа Садыр Жапаровго жолукту. Бул тууралуу ал жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирген. «Президенттин кабыл алуусуна кирип жатканда сүрдөдүм. Буга чейин эч кимден сүрдөчү эмесмин. Кирип барсам, Садыр ордунан туруп учурашты. Сүйлөшүп отурдук. Мага жоолук белек кылды. Анын жанында конверт бар экен. Ыраазы болуп кайттым. Эми Садырдын иштегенине убакыт беришибиз керек», — деген ал.