Досум мен эмне үчүн балалуу боло албайтканымды айтып оозумду ачырды
08-кулжа, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваЭкөөнүн баш кошконуна тогуз жыл болуп калды. Бирок, бир көргөн адамдар кечээ, эң эле
болбоду дегенде бир ай мурун үйлөнүшкөн деп ойлошот. Сыртка чыкса ар дайым кол кармашып алышат. Конокторго чакырылса бири-бирине жанаша отурат. Бирөөсү боорсок жесе,
экинчисне дагы алып берет.
Бир жолу үйлөрүнө жумуштап барып калдым. Досум чай куюп, «азыр кичине күтө тур, аяшың
дүкөнгө кетти эле, келсе чогуу тамак жейли»,-деди. Казанда демделип турган ашын ачпастан,
аялы менен чогуу жегени деп күтүп отурдук.
Досум менен базарга баргандан уялам. Көйнөктөрдү, кулак-мойунга таккан шуруларды көрсө жөн өтпөйт. «Жакусяма жакшы жарашчудай»,-деп, айымдардын «рядына» кирип кетет.
Келинчегине ич кийим алып жатканда башымды жерге салып күтүп турам (күлүп). Же аны тааныбаган киши болуп ары туруп алам. Бюстгальтеринин өлчөмүн так билгенине эмне дейсиңер. «Мага торлору менен бериңиз»,-десе артымы карабай качып жөнөйм (күлүп).
Төрт жыл мурун үйлөнгөм. Көпкө чейин балалуу боло албай жүрдүк. Анын үстүнө апам
келинчегимди жактырбай, капа кылып койчу болду. Аялым ооруп, аябай арыктап кетти. Аны көрүп мен күн сайын нерв болом. Бир күнү апам менен келинчегимдин кезектеги урушунан
кийин үйдөн чыгып досума жөнөдүм.
Үйүнө кирсем тим эле башкача атмосфера. Аяш апам менен аяшкам чогуу отуруп алып манты
жасап жатышыптыр. Экөөнүн ортосундагы жылуу мамилени көрүп ыза болдум. Досум «жүр, сыртка сүйлөшүп отуралы»,-деди. Кыскасы, көйгөйүмдү айттым, балалуу боло албай жүргөнүбуздү жашырган жокмун. Досум унчукпай угуп отурду. Анан мындай деди.