Депутат Рыскелди Момбеков таксистти сабоого шектелүүдө
04-аяк оона, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваЖогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жана анын жан сакчысы таксистти сабоого шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда АКИpress агенттигине өз булактары билдирди.
Алдын ала маалыматка караганда, окуя кечээ, 3-сентябрда «Россия» кинотеатрынын жанында болгон. Чырдын чыгышына айдоочулардын жол талашып кеткени себеп болгон.
Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктады.
«Милицияга окуя тууралуу маалымат кечки саат 17:00 чамасында келип түшкөн. Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери барышкан жана «БМВ» унаасынын айдоочусу — 1994-жылы туулган С.И.ни милиция бөлүмүнө алып барышкан. Ал жерде С.И. сабалганын айтып, Рыскелди Момбеков жана анын жан сакчысынын үстүнөн арыз жазган.
Аталган факт Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси (Майда бейбаштык) менен КЖБРга катталды.
С.И.ге соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет», — деп айтылат милициянын маалыматында.