Саясат

Дастан Жумабеков президент болуп шайланды

Кыргыз Республикасынын көк бөрү федерациясынын Талас облусундагы президенти алмашты. Талас облусунун көк бөрү федерациясынын жаңы президенти болуп Жогорку Кеңештин депутаты, экс-спикер Дастан Жумабеков шайланды. Көк бөрүчүлөргө дем берип, облустун намысын коргоп, ийгиликтерди багындырат деп ишенебиз жана мындан аркы ишине ийгилик каалайбыз!
Мурунку президент Жылдызбек Мусуретбеков билинбей 3 жыл ийгиликтүү иштептир. Талас облусунун командалары бир нече жолу баш байгелерди багындырып, жогорку деңгээлде оюн көрсөтүштү. Ар бир жеңиште президенттин салымы бар. Мындан аркы ишине ийгилик каалайбыз! Эмгеги элдин эсинде. Кыргыз элине ак кызмат өтөп жүрө бериңиз Жылдызбек мырза!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *