Жол кырсыгынан каза болгон уландын атасы уулунун кырсыктан өлгөнүнө ишенбей келет. Бул тууралуу  каза болгон жарандын атасы жергиликтүү массалык маалымат каражаттарына билдирген.

Маалыматта, Токмок шаарына жакын жердеги айлампадан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа айдоочу башкара албай жол жэгиндеги даракка урунган. Анын кесепетинен ичиндеги айдоочу оор абалда ооруканадан каза таап, ал эми жанындагы кыз окуя болгон жерден жан берген.  Маркумдун атасы уулунун өмүрүн алган кырсык киши колдуу болгонун айтып келет.