Коом

Чыр салган жаран милиция бөлүмүнөн мүрт кеткен

Дүкөндө чыр салган 48-жаштагы жаран милиция бөлүмунөн каза болуп калды. Бул тууралуу Джалал-абад ОИИББ билдирди.

Маалыматта, Сузак районунун Мундуз айылында түнку саат 23:00 чамасында дүкөндө чыр салып тынчтык бербей жаткандыгы боюнча чакыруу түшкөн. Милиция кызматкерлери жаранды Кызыл-Туудагы бөлүмүнө алып кетишкен.  Ал жактан жаран өзүн жаман сезип жатканын айтып суу сураган. Көп өтпөй абалы начарлап алар тез жардам чакырышкан. Тез жардамга жетпей жаран каза болуп калган. Жарандын денесин медициналык экспертизадан өткөрушкөндө эч кандай уруп согуунун белгилери табылган жок. Маркумдун денеси туугандарына өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *