Чынар Капарова, телеалпаруучу: «КАРЫПБЕКОВДУ СОТТОН УТТУМ, БИРОК КТРКдан КЕТҮҮГӨ АРГАСЫЗ БОЛДУМ»

Чынар Капарова, телеалпаруучу: «КАРЫПБЕКОВДУ СОТТОН УТТУМ, БИРОК КТРКдан КЕТҮҮГӨ АРГАСЫЗ БОЛДУМ»

31-бугу, 2018-ж // //

Жаш кезинен теледе алып баруучулук менен алектенип, КТРКнын жүзү катары элге таанылган Чынар Капарова Коомдук каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков менен 2 жыл соттошуп, жеңип чыккан. Бирок алып баруучу соттон утса да 2 жылдык мээнети, убактысы текке кеткенин, жумушка чыккан күнү эле кайра кетүү үчүн арызын жазууга аргасыз болгонун айтат..

– 2 жылдан бери «Коомдук каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков мени мыйзамсыз жумуштан алды» деп соттошуп жүрүп, жеңишке жетиштиңиз. 2 жыл оңой болбосо керек?..
– Илим Карыпбеков «Кыргыз Республикасынын Баатыры Сүйүнбай Эралиевди «Эл баатыры дедиң» деген шылтоо менен мени жумуштан алган. Ошондо «мени мыйзамсыз жумуштан алгандыгын далилдейм» деп көрүүчүлөрүмө сөз бергем. Райондук жана шаардык сот арызымды канааттандырып, ишке орноштуруу чечимин чыгарып берген. Бирок Жогорку Сот алгачкы отурумунда менин ишимди артка кайтарган. Аңгыча мага Илим Карыпбеков менин кесипкөйлүгүмдү жогору баалаарын, акыры КТРКга кайтып келериме ишенерин айтып кечирим катын, аны менен кошо гүл, коньягын жөнөтүп жибериптир.
Жогорку Сот менин ишимди артка кайтарганда ал мени утулду деп ойлоп алды. Катты мен шылдың катары кабыл алып, шагым сына түштү. Ошентсе да күрөштү уланта бердим. Жогорку Сот экинчи жолу ишти караганда мен утушка ээ болдум. Ошондо Илим Майрамбекович «Капаровага соттун чечими чыгыптыр, куттуктайм. Мен 200гө жакын адамды ар кандай себептер менен жумуштан алгам, алардын 10 чактысы соттошуп жатат. Алардын бири Капарова мени утуп алыптыр, жакшылыгым дагы, жамандыгым да жок» деп жазыптыр. Бул жерде Илим Карыпбеков 200гө жакын адамды жумуштан алганын өзү моюнуна алып жатат. Алардын көпчүлүгү соттошкон жок. Айрымдарынын күйөөлөрү «кетиргенден кийин кете берчи, соттошпой эле кой» деп макул болбой койгон. Кээ бирлери «мен жалгызмын, сот деп жүрүп балдарым ачка калат. Жактоочуга да акчам жок» деген жүйөлөр менен соттошпой калышты.

– Соттон уткан соң мурунку иш ордуңузга бардыңызбы?
– Коомдук каналдын жетекчиси маалымдоо каражаттарына «жумушуна кайра алам. Маянасын төлөп берем» деп айткандарын эске алып, өзүнө жолукканга аракет кылдым. Анын үстүнө мүмкүн катты чын көңүлүнөн жазгандыр деген жакшы ой пайда болду. Жетекчилик этика деген болуш керек да. Жетекчи алдына душман келген күндө да алик алат. Кирсем алик алмак тургай, жүзүмө тик карай албай койду. Жумушка орношуу тууралуу жазган арызыма кол коюп бериңиз десем «таштап коюңуз, колум бош эмес, шашпай коём» деди. «Кандай жумуш бересиз?» десем, «эфирди үмүт этпе» дейт. «Мен сизден эфир сурап келгеним жок» деп айттым. Ошону менен сөзүбүз бүттү. «Ала-Тоо» каналынын жетекчисине бардым. «Чынар эже, билесиз да, сизге редакторлук да, алып баруучулук да жумуш жок, кабарчы болосуз» дейт. «Ден соолугум начар болуп турат, бир аз дарыланып анан келейин» деп 2 жумага өргүүгө чыгып кеттим. Чындыгында мен карьерамды кабарчылыктан баштагам, ал жумушта иштөөгө даяр болчумун. Бирок Илимдин орун басары болот деп турган Жылдыз Жумабековага жолугуп калдым. «Жылдыз, кызматка келип жатыптырсың, куттуктайм» дедим. Ал өзү орусча сүйлөйт. Орусча «эмне арыктап кеткенсиң?» деп калды. «2 жыл соттошкон оңой эмес экен» дедим. «Утуптурсуң, мындан ары эмне болот? Экөөбүз иштеше албайбыз да, жакшылап ойлонуп көрчү, балким, өз каалооң менен кетесиң?» деди. Ошол жерден бетиме суу сепкендей болуп, көзүмдөн жаш агып кетти. Ушунча чыдап, соттошуп келсем, утулгандарын моюнуна албай кысым көрсөтүп жаткандарына ыза болдум. Сыртка чыгып, машинамда ойлонуп отурдум. Соттук процесстерден кийин эми орун басары менен чырдашууну туура көргөн жокмун. Анткени элдин «жетекчи менен соттошуп жүрдү эле, эми орун басары экөө чатакташып жатыптыр. Өзү чырга жакын адам окшойт» деген сөзүнө калгым келген жок.
– Жылдыз Жумабекова эмнеге иштеше албайбыз деп жатат?
– «Ала-Тоо» программасында алып баруучу болуп турганымда Жылдыз Жумабекова «Ала-Тоо» редакциясынын директору болчу. Жумабекованын «Сүйүнбаевди Эл баатыры кылып салды» деген рапортунун негизинде жумуштан алынгам. Ошондо «эгер бул ката болсо мындан ары ката кетирбей иштегенге аракет кылайын» дегем. Бирок Жылдыз «муну менен калтырбайм, иликтөө болот. Сени бул жерге иштетпейм, түшүнүк кат жаз» деп кысмакка ала баштады. Жалгыз бой эне болгондон кийин жумуштан кетүү оор. Анын үстүнө жаш кезимден бери иштеп келе жаткан, жакшы көргөн кесибим. Эралиев тууралуу маалымат эфирден кеткиче менин жумушка канчага келгеним, канчада кеткеним баары көзөмөлгө алынып, аңдуулар болуп жатты. 2016-жылдын февралында башталган кысым августка чейин уланып, акыры августта жумуштан алышты.
– Анын «биз иштеше албайбыз да» деген сөзүн капарга илбей иштей берсеңиз болбойт беле?
– Биринчиден, Илимдин кол алдында иштегим келбей турган. Бирок жакшылыктан үмүт кылып бардым. Жумабекованын «сени менен иштеше албайм» деген сөзүн уккандан кийин үйгө барып, жакындарым менен кеңештим. Апам «кызым, 2 жыл катуу кыйналдың. Кереги жок, сени баары бир иштетишпейт ал жерде. Кодулоо болот. Ачык эле айтышкан турбайбы, жөн эле койчу» деп өтүндү. Бир аз иштеп көрөйүн деп дарыланып алып 8-майда жумушка келдим. Жумушка кирип бара жатсам Чынара Токонова инсульт алыптыр деп калышты. «Эмне болуп?» десем, «Жылдыз Жумабекова кодулоо кылган, ошого чыдай албай жыгылды» дешти. Токонованын инсульт алганын уккандан кийин дароо жумуштан кетүү чечимин кабыл алдым. «2 жыл соттошуп жүрүп сүйгөн кызматыма келсем иштетпей кодулап жатышса, булар кыскан адам инсультка кабылып жатса, мен эртең мунжу болуп калсам балдарымды ким багат?» деп арыз жаздым. Жумушумдан айрылганыма эмес, намысыма чыдабай ыйлап да алдым. Кудайга койдум. Жумушка чыккан күнү «Ала-Тоо» каналынын жетекчиси жаңылыктар чыкчу чоң студиянын бурчун көрсөтүп «кабинет жок, сиз ушул жерге отурасыз» деди. Бул нерсе да мени ыза кылды. Ошентип жумушка чыккан биринчи эле күнү кайра жумуштан кетүү арызын жаздым.
Сөзүмдүн аягында айтарым, ар кимге асыла берет дебесин деп Илим менен гана кайрашып, Жылдыз Жумабековага тийишкен жок элем. Бирок кесиптешим Чынара Токонова инсульт алып жыгылган соң КТРКдагы өкүмзордук тууралуу унчукпай коё албадым. Учурдан пайдаланып Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылам, ушундай чуулгандуу окуялардан соң коомдук аталган телеканалдын жетекчилигинин иши тыкыр каралып, териштирүү иштери жүрсө дейм.

БУЛАК: super.kg