Чолпон-Атада коюлган бомба табылдыбы?

Чолпон-Атада коюлган бомба табылдыбы?

03-теке, 2017-ж // //

Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий борбору толугу менен тосулуп, ал жерде кинологдор менен саперлор иштеп жатат. Бул туурасында Ысык-Көл облусунун милиция бөлүмүнөн билдиришти.

Эскерте кетсек, белгисиз бирөөлөр таңкы саат алтыларда аталган жайга бомба коюлгандыгын билдиргенден соң, райондук милициянын кызматкерлери тез арада «Рух Ордого» чыгып кеткен. Издөө иштери азырынча жыйынтыгын бере элек.

«Комплекстин аймагы толугу менен тосулду. Ал жерде Бишкек шаарынан келген кинологдор менен саперлор иштеп жатышат» деп билдирди милициянын өкүлү.

Ал УКМКнын кызматкерлери аймакты түрө текшерип жүргөндүгүн, андыктан издөө иштери качан аяктары белгисиз экендигин кошумчалады.
Булак: Гезит.кж