Саясат

БШК Дастан Бекешевди шайлоодон четтетиби?

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдан бара жаткан Дастан Бекешевдин талапкерлиги боюнча чечим кабыл алды.
Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү Бекешев Жазыкодексинин 194-беренесинде каралган «Шайлоону же референдумдарды өткөрүүдө каражатты мыйзамсыз пайдалануу» боюнча шайлоо мыйзамын бузганын, 18 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр талапкердин үгүт иштерин жүргүзгөнүн айтып чыккан. Бекешев мындай айыптоолорду четке каккан.
Жыйындын соңунда БШК мүчөлөрү үч пунктудан турган токтом кабыл алышкан. Алар:
УКМКнын маалыматын эске алуу;
Жоруктар кодексинин 44-беренеси («Үгүт иштерин жүргүзүүнүн шарттарын бузуу») боюнча ыйгарым
укуктуу өкүлдүн жоопкерчилигин кароо; Талапкерге штабында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *