«Биримдиктин» тизмесиндеги былыктуу талапкерлер
08-аяк оона, 2020-ж // // Айпери ОсмоналиеваЖакында старт алган парламенттик шайлоонун үгүт иштеринин таскагы уламдан улам катуу чыгууда. Улам бир интригалар карама-каршылыктарда күч алып жатат. Коомчулукту катуу козголткон маселелердин бири партиялардын тизмелери кандай инсандардан куралды деген суроо болууда. Социалдык тармактарда ушул маселе боюнча далай пикирлер да жаралып жатат. Маселен ошондойлордун бири “Биримдик” партиясынын тизмесине кирген КРнын транспорт жана коммуникация боюнча мурдагы министри Жамшитбек Калилов. Бир кезде мамлекет башчы Калиловдун орун басары өтө чоң суммадагы пара алып жаткан жеринен кармалганда министрге да чоң күнөө койгон. Ушундай окуядан кийин Калиловдун министр болуп иштөөгө моралдык укугу жок экенин катуу айткан. Эми болсо мына бадырайып тизмеде орун алган. Дагы бир инсан бир нече болку депутат болгон Исхак Пирматов да бир топ жыл илгери “Кыргыз Муңайзат” ААКсын жетектеп турган учурунда жемкорлукка жол берген деп күнөөлөнүп, бирок депутат коллегалары аны соттук териштирүүдөн коргоп калышкан. Ошондон кийин Кылмыш-Жаза Кодексине өзгөртүү киргизилип, өтө катуу кылмыш жазагандарды эч кандай макулдуксуз эле кылмышка тартуу беренеси киргизилген. Ошол Исхак Пирматов дагы ушул эле партиянын тизмесинде жүрөт. Калган партияларды карасак дагы ушуга окшогон талапкерлер чыга берери шексиз. Жогорку Кеңешке чыныгы таза инсандар келсе деген тилек куру эле эңсөө катары кала берет окшойт.
АRGUMENT.KG