Коом

«Бекер өлтүрүптүрмүн эти супсак экен»-дейт кармалган киши жегич

“Бекер өлтүрүптүрмүн анын супсак экен”-дейт сурак учурунда шектүү. Петербугдагы жол кырсыгы учурунда кырсыкка учураган унаанын ачылып кеткен багажынан башы жок адамдын денеси кулап түшкөн. Бул тууралуу 5tv.ru жазып чыкты.

Маалыматта, жолдо эки унаа кагылышып биринин багажы ачылып анын ичинен башы жок адамдын сөөгу кулап түшкөн. Ал эми унаанын ичиндеги үч адам жол жээгиндеги токойго качып киришкен. Көп өтпөй милиция кызматкерлери унааны кароого алышып, адамдын башы жок денесинин кээ бир мүчөлөру жок экенин ошондой эле эки күрөк аркан табышкан. Көп өтпөй качкан үч шектүү кармалып убактылуу камоочу жайга киргизилген. Алардын бири 50 жаштагы Егор Комаров кишинин этин жеп жүргөну аныкталган. Сурак учурунда ал бул биринчи жолкусу эмес экенин ошондой эле буга чейин да кишинин этинен шорпо кайнатып ичип келгенин айткан. Ал эми 23-жаштагы анын жолдошу көптөн бери адамдын этин жеп көргүсү келип жүргөнүн айткан. Ошондой эле ал “Сосновка ” паркында адамдарды акмалап жалгыз келе жаткан адамды мууздап өлтүргөн. Кийин ал адамды өлтүргөнүнө өкүнуп калганын билдирген. “Эмнеге?” деген тергөөчүнүн суроосуна “Анын эти өтө супсак экен”-деп жайбаракат жооп берген.

Учурда камакка алынган үчөөнө тең соттук териштирүү иши жүргүзүлүп жатат. Азырынча факт болгон маркумдун денеси ачыкталса жакын арада буга чейин буларга жем болгон маркумдардын тизмеси аныкталып калышы мүмкүн дешүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *