![«Баткенский» тууралуу кызыктуу фактылар…]()
«Баткенский» тууралуу кызыктуу фактылар…
17-жалган куран, 2017-ж // //
-
Өлкөнүн Баткен областында гана коңшулаш мамлекеттердин анклавдары орун алган.

-
Жапондор сакура менен мактанса Баткендиктер жаз айларынын алгачкы күндөрүндө өрүкзарлар кооздугу менен мактанат.

-
Дүйнөдөгү эң таза сурманын эталону — Баткендин сурмасы болуп табылган.

-
Баткенде 18-кылымга таандык тарыхый Кудаяр хандын эстелик чеби орун алган.

-
Коңшулаш Тажикстан, Өзбекстан менен чектешкени менен облус борбор Баткен шаарынын тургундарынын 99,9 пайызын кыргыз улутундагылар түзөт.

-
Сейрек кездешүүчү “Айгүл гүлү” Баткенде өсөт.

-
Кыргызстандын эң жапыз жери Баткен областынын Лейлек районунун Кулунду айылы деңиз деңгээлинен 401 м гана бийиктикте жайгашкан.

-
Белгилүү мамлекеттик тарыхый ишмерлер Исках Разаков, Мурат Саликов, Абдыкадыр Орозбеков, Абсамат Масалиев өңдүү өлкөбүздүн намысын коргогон инсандар, өрүкзарлуу Баткендин чыгаандары.

-
Жергиликтүү композитор Мамажан Козубаевдин “Баткен бүгүн башкача” ыры шаардын гимнине айланган.

-
Облустун аймагында 3 район, 6 шаар, 3 шаарча жана 189 кыштак, 30 айыл өкмөтү бар.
