Бакыт Бакетаев: Биз келечектеги революция менен баарын бузуп алышыбыз мүмкүн

Бакыт Бакетаев: Биз келечектеги революция менен баарын бузуп алышыбыз мүмкүн

31-тогуздун айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева
Кыргызстандын жаңы саясый тарыхындагы чындыкты табуу үчүн революциялардын классикалык дефиницияларынан алыстоо керек. Математикада бир катар теоремаларды далилдөө үчүн көбүнчө аксиомалар колдонулат. Бул принципти тарыхый процесстерге да колдонобуз. Ага ылайык, өлкөбүздөгү айрым коомдук-саясый окуялар өзүнчө курамдарга (саясый аксиомаларга) бөлүнүшү керек. Анан дагы картинаны, айрым компоненттерин кошуп, жалпы кароо зарыл. Тарых дарагынын тамырын байкаштыруу кажет.
Революциялардын кайсынысы бүткүл дүйнөгө таанымал болду эле? Француздук буржуаздык. Анда аткаруучулар карапайым эл болгон, бирок аларга ошол ойду Вольтер сыяктуу ой башкаруучулар сепкен. Ал дүйнөлүк философиялык ойлорду өнүктүрүүдөгү башкы ролду гана албастан, XVIII кылымдын соңундагы француз революциясын идеялык жактан даярдаган. Анын ысымы падышалык Россияда саясый жана диний эркин ой жүгүртүүнүн жайылышына байланыштуу. Вольтаризм башка нерселер менен катар Улуу Октябрь революциясынын катализатору болгон.
Дидро, Монтескье, Руссо, Д’Аламбер жана башкалардын катарында Вольтер аң-сезимди француз революциясына даярдаган агартуу доорунун идеяларынын идеологу жана жаратуучусу болгон. Так анын окуулары элдин кыжырын себүүгө семиз топурак болуп берген.
Француз революциясынын жаңырыгы ушул күнгө чейин угулуп турат. Бизге да жеткен. Жакынкы жылдарда эле болуп өткөн окуялардан мисал: Турдакун Усубалиев Кыргыз ССРнин КП БК биринчи катчылыгынан кеткенде, анын ордуна Абсамат Масалиев келген. Бул биздин биринчи революция болгон, мен аны «кабинеттик» дейт элем. Башка өлкөлөрдөгүдөй эле ал элитанын ойлоп тапканы. Анын негиздөөчүлөрүнүн, демилгечилеринин бири деп биздин элита Усубалиевдин ордуна көндүргөн Чыңгыз Айтматовду айтсак болот.
1985-жылы өскөн жана чыңдалган кыргыз элитасы Турдакун Усубалиевдин көп жылдык башкаруусун талкуулап жатып, революцияга жол ачышкан. Ошентип тынч, кабинеттик революция орун алган. Кыргызстан СССРдин курамындагы республикалардын ичинен өлкө бийлиги алмашкан биринчи мамлекет болуп калды.
Башка өлкөлөрдөгүдөй эле бизде чоң саясатты, орой айтканда, жүз үй-бүлө чечет. Мен аларды «тайпа» деп атайм. Бул түшүнүккө үй-бүлөлүк-кландык, аймактык, каржылык, идеологиялык түзүүчүлөр киришет. Биринчи революция бизде карапайым элдин катышуусусуз болду. Ал тынч кабинетте, Москвада чечилген.

1990-жылы ошол эле тайпа жаңы революцияны ойлонуштурушту, бирок бул жолу «легендарлуу парламенттин» депутаттарын тартышты. Эсеп боюнча экинчи деп айтылган бул революцияны «парламенттик» деп атасак болот. Бийликке келген Аскар Акаев 15 жыл бою айланасына ар башка кыргыз тайпаларын топтой алды. Бирок баары бир кийинчерээк элиталык тайпалар арасында пикир келишпөөчүлүк жаралды, бул бийликти элдин катышуусу менен кезектеги алмаштырууга алып келди. Үчүнчү революция 2005-жылы болду.
2010-жылы кайрадан тайпалар ортосундагы карама-каршылык күчөдү, жыйынтыгында төртүнчү революция жүз берди. Анда мамлекет башына Алмазбек Атамбаев келди. Ал жеке, жаңы элитасын түзө алды, а качан президенттик тактан кеткенде, ага өзүнүн пикирлеши Сооронбай Жээнбековду калтырды. Бирок Жээнбековдун учурунда олигарх топторунун арасында кайрадан каршылашуу жаралды. Ооба, мында акаевдик, бакиевдик жана башка кландардын көз карашы туура келбей калды. Жыйынтыгында, такка бешинчи президент Садыр Жапаров келди. Анын бийликке келиши бешинчи революцияны, аны менен бирге мурда айтылган Франциянын үлгүсү боюнча Бешинчи Республиканын курулушун шарттады.
Акыркы эки жылда тайпалар ортосундагы пикир келишпөөчүлүк өрчүп баратат, бирок революциялык нормалардын чегинде эмес. Азырынча элита байкаштырып, бирин-бири сынап жаткан учур. Алардын башында революция идеясы бышып жетиле элек, а эл өз тагдырын өз алдынча чече турган акыбалда
эмес.
Мурдагы революцияларды биз эми оңдой албайбыз, а келечектеги революция менен баарын бузуп алышыбыз мүмкүн.
«Азия Ньюс» гезити