Бакиевдердин жардамчысы болгон Айбек Артыкбаев МИДдин орун басары болду
30-жалган куран, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваПрезидент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Адылдын жардамчысы Айбек Артыкбаев Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары болду. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги өз булактарынан билип калышты.
Алардын айтымында, Айбек Артыкбаев Ош технологиялык университетинин экономика факультетин аяктаган. Ошондой эле, ал Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын дипломуна ээ.
Кошумчалай кетсек, Айбек Артыкбаев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясында «Мамлекеттик башкаруу магистри» академиялык даражасын алган. Ал Англияда англис тили жана бизнес менеджменти боюнча окуусун ийгиликтүү аяктап, Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын аяктагандыгы белгиленди. Ал саясий илимдердин кандидаты.
1996-жылдан тартып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматында иштеген. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын жана мамлекеттик кызматынын кеңешчиси болуп баштаган. 2011-жылдын апрелинен 2012-жылга чейин — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.
Жыйынтыгы БШК тарабынан жокко чыгарылган 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо ал президент Садыр Жапаровдун «Мекенчил» партиясынын тизмеси боюнча ат салышкан.
Булак: argument.kg