Саясат

Азиз Суракматов мамлекетке 150 млн сом төлөдү

Бишкек шаарынын мурунку мэри Азиз Суракматов  26-майда мыйзамсыз баюу,  коррупция, айрым курулуш компанияларына элиталык  көп кабаттуу үйлөрдү  куруу үчүн муниципалдык жер участокторун берген, деп шектелип камакка алынган. Соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө изоляторуна которулган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Суракматов Бишкек шаарындагы башка дагы жер тилкелерди мыйзамсыз бөлүп берүү фактысы боюнча көрсөтмө берген. Мындан тышкары ал келтирилген 170 млн сом зыяндын 150 млн сомун төлөдү.

УКМКнын маалыматы боюнча, зыяндын калдыгы төлөмдөрдүн графигине ылайык Суракматов тарабынан кайтарылат.

Бул ишке тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тергөө уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *