Ажылыкка төлөмдөрдү кабыл алуу 28-апрелге чейин узартылды

Ажылыкка төлөмдөрдү кабыл алуу 28-апрелге чейин узартылды

24-Апр, 2017-ж

Буга чейин 400 доллар жана 500 сом төлөгөндөр калган акчаны төгүшү керек.
Ажылыкка төлөмдөрдү кабыл алуу 28-апрелге чейин узартылды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Белгилей кетсек, быйыл кыргызстандык зыяратчылар үчүн Сауд Аравиясы 4 585 орун бөлгөн. Ажылык сапардын баасы буга чейин 2600 доллардын тегерегинде болору айтылып, анын 1550 доллары жол киреге кетмек. Кийинчерээк бул акчага 160 доллар кошулган.
«Жарандар каттоого турган учурунда 400 доллар жана 500 сомдон төлөшкөн. Эми калган каражатты төлөө үчүн мөөнөт 28-апрелге чейин узартылды», — деп жазылат маалыматта.
Мындан сырткары, 12-майга чейин ажы башчы болом дегендер каттодон өтүшү керек.
Булак: sputnik.kg